Биз менен байланышыңыз

Хабиб UFCни “коркутту”

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 1810 | 0

Эрежесиз эр уруш боюнча UFCнин 229-турниринде ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип, чемпиондук курун сактап калган орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCге кайрылуу жолдоду. Өзүнүн Инстаграммдагы расмий баракчасынан билдиргенине караганда, беттештен кийинки эки жактуу жаңжалды ал баштаган эмес. Тескерисинче, ал Мак Грегор баштаган жанжалды “бүтүргөн”.

Ошондой эле Нурмагомедов уюмдун мүчөсү, мушкер Зубайр Тухуговдун жаңжалга аралашканына жаза катары анын жакында боло турчу беттешин токтотуп, UFCден чыгаруу тууралуу чечимине нааразылыгын билдирди.

“Менин бир тууганымды урганына жооп кылып Зубайрдын Макгрегорго кол көтөргөнү үчүн гана аны UFCден чыгарууну көздөп жаткан болсоңор, анда мени менен болгон келишимди да токтотууну унутпагыла. Силер бузбасаңар, мен өзүм бул келишимди үзөм. Бизде, Орусияда дос досун таштабайт”,-деп жазган Нурмагомедов.

Ал эми келишим боюнча алуусу керек болгон Нурмагомедовдун гонорарын бербей жатканы боюнча:

“Гонорарымды өзүңөр ала бергиле! Бирок абайлагыла, тамагыңарга такалып калбасын! Мага акчадан да намыс, дос кымбат”,- деген.

Эске сала кетчү жагдай, UFCнин кабарчысы, спорт дүйнөсүндөгү кадыр-барктуу Джо Рогандын айтуусунда, Хабиб муштаган Диллон Данис дагы, окуучусу Конор дагы беттештен мурун, беттеш учурунда да Хабибди, үй-бүлөсүн, динин жана мекенин шылдыңдаган чакырыктарды жасап турушкан.

Андан сырткары, Макгрегор мурда UFCнин 223-турнирине келген мушкерлердин автобусун аңтара жыгып, бир нече киши жаракат алып, беттештер болбой калган. Бирок бул жагдай боюнча Макгрегор UFCден эч кандай жаза алган эмес.

Эки күн мурун Орусиянын президенти Путин менен жолугушканда анын: “Аз кылдың! Эгер бизге дагы ошондой мамиле кылышканда баарыбыз бирге октагондон аша секирмекпиз”,-деп, Хабибдин жоругун жактаган. Мушкердин атасы жана устаты Абдуманаф Нурмагомедовдон аны катуу жазалабоосун өтүнөрүн кошумчалаган.

Бул билдирүүсү менен Хабиб Нурмагомедов тымызын жана табышмактуу оюндары көбөйгөн UFCни ойлонууга мажбур кылганын басылмалар жазып чыгышты.

Copyright © 2017 Maral FM