Биз менен байланышыңыз

Жолдошева: Түштүк магистраль тарапка отургузулган көчөттөрдүн 94% көктөдү

Пикирлер | 12 Окт 2018 | 656 | 0

Түштүк магистраль тарапка отургузулган ири көлөмдүү көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү 94% болду. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Эльнура Жолдошева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган аймактагы жаңы көчөттөрдүн 6 пайызы өспөй калган.

«Бул жогорку зонадагы аймактар үчүн жакшы көрунүш. Себеби көчөттөрдүн көгөрбөй калуу тобокелчилиги 30 пайызга чейин болот. Бир жылдын ичинде өнбөй калган көчөттөрдү алмаштырышты. Баары 9 миң сомдук эмес, арасында 4 миңдик көчөттөр да бар. Алар 7 жылдык. Чынар терек кеч ойгонот, кеч күзгө чейин жалбарыган кармап турат», — дейт Жолдошева.

Маалыматка ылайык, көчөттөр массалык илимий кызматкерлердин чечими менен гана отургузулат.

«Дарактар адамдарга, жан-жаныбарларга зыян келтирбейби деп ар тараптан каралат. Гүлдөрдүн сортун алмаштырып турабыз. Шаар аймагынын талабы оор. Андыктан чаңга, унаадан чыккан түтүнгө, ысык температурага туруктуу гүлдөрдү тандап алабыз. Көчөткана, күнөсканалары жакшыртып жатабыз. Мерия тараптан жакшы көңүл буруулууда», — дейт Жолдошева.

Copyright © 2017 Maral FM