Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү имамдарды акыйда жана мазхаб боюнча окутуу башталды

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 791 | 0

Өлкө аймагындагы мазхаб жана акыйда боюнча окутуу иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

Окуу семинары 11-октябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталды, ар бир облуста өткөрүлүп, ага өлкөдөгү бардык имамдар катышат.

«Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталыштагы семинарда аймактардагы дин кызматкерлери Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутулат.

Ошондой эле «Жума хутбалары» аттуу китеп таратыларын башкармалыктын  фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM