Биз менен байланышыңыз

Американы “Майкл” бороону коркутууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 996 | 0

Американын Флорида жана Жоржия штаттарын дүйнөдөгү “эң кооз” жана эң коркунучтуу “Майкл” бороону басты. Кырсыктан Флоридада кулаган дарактын айынан кеминде эки адам каза болуп, миңдеген үйлөр жабыркады. 500 миң жашоочу электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты.

1992-жылдан бери Америкада көп катталып жаткан “Кылымдын эң күчтүү бороону” болгон  “Майкл” 75миль\секунд ылдамдыкка чейин жетип, турак-жайларды кыйратып, аймакта дүкөндөр, дарыканалар жана башка соода-сатык борборлору жабылды.

Бороон 10-октябрь күнү Мексика булуңунда жээкти уратып, булуңдагы мунай өндүрүү токтоп, бороондун бүтүүсүн күтүшүүдө.

Бугүнкү күнгө карата бороон жайлап, 20 миль\секундага чейин түштү, бирок, жээктерде 45 миль\секундга чыгары күтүлүүдө.

Бороондун алып келген чыгашалары али белгисиз.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM