Биз менен байланышыңыз

Нарын облусу: Кочкорлук малчы бороонго калып каза болду

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 575 | 0

Кочкор районунун Туз айылынан Соң-Көл жайлоосуна мал айдап бараткан беш киши Чалай ашуусунан бороонго кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдады.

Алардын айтымында, окуя 8-июнда болгон. Кырсыктан бир нече баш мал кырылып, бир адам каза болгон. Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кочкор райондук ооруканасынын дарыгерлери ашууга барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда сууктан жабыркаган төрт малчы ооруканада дарыланууда. Каза болгон малчынын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM