Биз менен байланышыңыз

АКШнын үч штатында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2019 | 499 | 0

АКШнын Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга, 1-сентябрда Багам аралдарын талкалаган «Дориан» бороону жакындаары себеп болду.

Чет элдик басылмалардын жазуусу боюнча, ылдамдыгы саатына 300 километрге чейин жеткен бороон Багам аралдарында 13 миңдей турак жайды кыйраткан. «The New York Times» гезитинин маалыматына ылайык, 5 киши каза болгон.

НАСА Флоридага багыт алган «Дориан» бороонунун тасмасын жарыялаган соң, Дональд Трамп Польшага пландалган сапарын да токтоткон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Атлантика океанындагы «Дориан» бороону V категориядан III категорияга түштү. АКШнын бороонду көзөмөлдөө борбору «Дориандын» күчү басаңдап жатканын, бирок алдыдагы эки күндө кескин көтөрүлүүсү жана Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина жээктерине жакын өтөрүн билдирди.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы IV категориядагы «Майкл» бороону жалпы 74, АКШлык 50 адамдын өлүмүнө себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM