Биз менен байланышыңыз

Монголиядагы борошодон 6 адам каза болду

Монголиянын Түштүк-Гоби облусунда 11-майда башталган борошонун айынан 6 адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 149 кызматкерден турган куткаруу тобун аймакка жөнөтүп, алар 48 техниканын жардамы менен иш алып барып жатышат.

Учурда жоголгон 41 тургундун ичинен 37си куткарылды. Өлгөн жаныбарлар да табылууда. Жергиликтүү басылмалар барган сайын малы жоголгонун кабарлаган чалуулар күчөп жатканын билдирет. Метеорологдор алдын-ала кабарлашканы менен монгол эли, айрыкча, малчылар олуттуу кабыл алышкан эмес.

Акыркы маалыматтарга ылайык, мындай аба ырайы 17-майга чейин жүрүп, борошо өлкөнүн бүтүндөй аймагына жайылары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM