Биз менен байланышыңыз

Саудиялык журналисттин жоголуусу боюнча жаңы жагдай пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 859 | 0

Америкалык Washington Post гезитинин кабарчысы саудиялык бозгун журналист Жамал Хашокжи (Хашогги) жоголгон күнү Сауд Аравиясынан Стамбулга келген белгисиз адамдар окуянын жүрүшун өзгөртүштү. Бул тууралуу түркиялык Milliyet гезити жазып чыкты.

Маалыматта, журналисттин жоголуусун иликтөөгө алган түрк коопсуздук кызматы ошол күнү Стамбулдагы аэропортко келип түшкөн саудиялык топту бутага алды.

2-октябрь күнү таңга жуук Ар-Рияддан келген эки учактан түшкөн тогуз киши Стамбулдагы Сауд Аравиясынын элчилигине кирип, бир нече сааттан соң топ-топко бөлүнүп чыгып кетишкен. Алардын чыгуу саатында элчиликтин алдында унаалардын активдүү кыймылы байкалган.

Дал ошол күнү белгилүү журналист элчиликке киргени видео камераларга түшүп, кайра чыкканы көрүнгөн эмес.

Коопсуздук кызматтын билдиришинче, аталган топтун арасында Саудиянын күч түзүмдөрүндө иштеген соттук-медициналык экспертизанын кызматкери да болгон.

9-октябрда New York Times басылмасы да белгилүү аналитик журналисттин элчиликте өлтүрүлүп, жиликтенип чыгарылганы тууралуу жашыруун өздүк булактан келген кабарды жарыялаган. Бирок бул маалымат такталган эмес.

Эскерте кетсек, Жамал Хашокжи 2-октябрь кунү болочоктогу жубайы экөөсү үйлөнүүгө зарыл болгон документтерди алуу максатында Стамбулдагы Сауд Аравиясынын элчилигине барып, кайра сыртка чыккан эмес. Анын жоголуусуна карата ар түрдүү жоромолдор айтылууда. Басымдуу булактар анын киши колуу болгонун билдиришүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM