Биз менен байланышыңыз

Президент: Антты бузгандардын тагдыры белгилүү

Кыска кабар , Сүрөт | 4 Окт 2018 | 2228 | 0

Берген антын бузгандардын тагдыры кандай болгонун баарыңар жакшы билесиңер. Андыктан Кудайды эстегенде, антыңарды да эстей жүргүлө.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында айрым өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин айтты.

Кыргыз эли илгертен берген антына бекем турган, анын жоопкерчилигин сезген эл болгон. Жумушка келгенде, кеткенде берген антыңарды унутпай, эл үчүн иштеп бергиле. Антты бузгандардын тагдыры кандай болгонун баарыңар жакшы билесиңер”, — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамилбек Асымбеков, Ɵнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетов ант беришти.

Copyright © 2017 Maral FM