Биз менен байланышыңыз

Путин тыңчы Скрипалды “саткын” деп атады

Дүйнө | 4 Окт 2018 | 1152 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Британиянын Солсбери шаарында ууланган Сергей Скрипалды “саткын” деп атады.

3-октябрда Кремлде өтүп жаткан Эл аралык энергия форумунда журналисттер менен болгон жолугушууда “Ууланган Скрипалдардын окуясы тууралуу пикириңиз кандай?”,-деген суроого:

“Кээ бир журналисттер Сергей Скрипалды көбүртүп-жабыртып жатып, адам укугун коргоочу активист кылып көрсөткөнгө чейин барганын көрүп жатам. Ал-болгону тыңчы. Мекенинин саткыны. Уятсыз адам!”,-деп жооп берди Путин.

Ошондой эле президент окуя медиа тарабынан апыртылып, ашыкча көрсөтүлүп жатканын, бирок бул убактылуу жагдай, жакында унутулуп кетерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Орусиянын Борбордук чалгын кызматынын мурдагы өкүлү тыңчылыкка айыпталып камалгандан кийин Англияга көчүп кеткен Сергей Скрипаль жана кызы Юлия 4-март күнү Солсбери шаарында ууланган. Буга Англия Орусияны күнөөлөп, эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин үзулүүсүнө алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM