Биз менен байланышыңыз

Мелания Трамп биринчи жолу жалгыз сапарга чыкты

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 1063 | 0

АКШнын президентинин жубайы Мелания Трамп биринчи айым катары алгачкы чет өлкөлүк сапарына чыкты. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

АКШнын биринчи айымы алгачкы сапарын Африкадагы төрт мамлекетке жасайт. Бир жумага созулчу сапарда Гана, Кения, Малави жана Египет өлкөлөрүн кыдырат. Бул визиттеги көңүл бурулчу негизги багыт аялдардын жана жаш балдардын ден соолугун чыңдоо болмокчу.

Бул максатта Мелания Трамп сапардын биринчи күнүндө Ганадагы балдар ооруканасын зыярат кылды.

Кошучмалай кетсек, буга чейинки үч айым дагы чет өлкөгө жалгыз чыккан сапарын Африкадан башташкан. Хиллари Клинтон Түштүк Африканын мурдагы камактагы президенти Нилсон Манделла менен түрмөнү зыярат кылса, Лаура Буш аймактагы ВИЧ оорулууларга жардам программасын зыярат кылган. Мишель Обама өлкөлөрдүн турмуш-тиричилик маселелери менен алектенген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM