Биз менен байланышыңыз

Орто мектептерде уруксат берилбеген китептер окутулууда

Билим-маданият | 10 Сен 2018 | 1733 | 0

3-класстын Кыргыз тили китебиндеги Манастын 7 осуяты туура эмес, бурмаланып жазылган. Мындай маалыматты фейсбук колдонуучу өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Анда ал айрым сөздөр бурмаланып, такыр башка мааниде колдонулуп калгандыгын айтып, балдарга 7 осуят башкача үйрөтүлүп жатканын жазган. Ага билдирүү калтырган башка фейсбук колдонуучулар мындай китептерди министрлик текшербей, колдонууга кандайча уруксат берген деп сындап жазышкан. Мындан улам биз бул китеп кандайча мектептерде колдонулуп калды, ага ким уруксат берген жана ошондой эле автор эмнеге сөздөрдү башка мааниде жазган өзүнөн сурап көрдү.

Орто мектептеги 3-класстын кыргыз тили китебинде Манастын 7 осуяты бурмаланып жазылган. Мындай пикирин Бишкектеги жеке менчик окуу борборлорнун мудүрү Жакшылык Матанов фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында окуучусу көрсөткөн китептеги 7 осуятта айрым сөздөр таптакыр башка мааниде колдонулуп, осуяттын өзөгү бурмаланган.

Окуучум үй тапшырмасын аткарып жатып, мага китебин көтөрүп келип айтты. “Агай, биз лагерде 7 осуятты такыр башкача жаттабадык беле?Бул жерде башкача го”,-деп келиптир. Анан мен карап көрсөм чындыгында мааниси өзгөргөн. Мисалы, биринчи осуятта эле “улуттардын баш кошкондугу” деп турат. Баш кошуу дегендин мааниси үйлөнүү дегенди түшүндүрөт деп билем. Эгерде балдарга жөнөкөй тил менен түшүндүрөлү дешсе, анда башка синонимдерди колдонсо болмок. Мында китеп такыр текшерилген эместиги көрүнүп турат.

Опубликовано Жакшылыком Матановым Вторник, 4 сентября 2018 г.

Окуу куралдагы 7 осуятты эмне максатта кыскартып, кайсы маанини бергиси келген деген суроо менен китептин авторлоруна байланышып көрдүк. Авторлордун бири Сулайман Рысбаев 2002-жылы жазылган китепте эмне үчүн мындай жазылганын эстей албай жатканын айтты. Экинчи автор Чынара Исакова менен да да 7 осуятты кайсы максатта кыскартуу чечимине келгендерин жада калса кайсы булакты пайдаланып, бул сөздөрдү колдонгонун эстей албай жатканын моюнга алат.

Билбей жатам. Мен соавторлошума чалып сурасам, ал да эстей албай жатат. Бул бөлүм ага тиешелүү болчу. Арадан 17 жыл өтүптүр. Көп нерсени эстей албай жатабыз. Бул кыскартууларды өзүбүз кыскарттыкпы, же бирөөнүн булагын колдондукпу, ал да эсте жок. Балким өзүм кыскартканда мынчалык кыскартпайт элек. Бирок башкы максаты балдарга жөнөкөй тилде тушундүрүү болчу.

Бул китеп быйылкы жылда колдонууга уруксат берилген китептердин катарына кирбейт. Билим берүү жана илим министрлиги болсо учурда кайсы мектеп колдонуп жатканын аныктай элек. Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова социалдык тармактарда айтылып жаткан сындарды туура кабыл алат жана учурда тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын айтат.

-Негизи быйылкы жылы сунушталган китептердин тизмесинде бул китеп жок. Ошондуктан, азыркы үндө бул китеп кайда колдонулуп жатканын жеринен аныкташ керек. Азыр социалдык түйүндөрдө айтылганы менен, кайсы жерде аныкташ керек. Такталса тиешелүү чаралар көрүлүп, ал китептерди колдонууга тыюу салынат.

Негизи мектептердеги колдонулуп жаткан китептердин тизмесин Билим берүү академиясы тактап, расмий түрдө жарыялайт. Мектептер ошол тизмеге жараша гана колдонуш керек. Бирок китеп жетишпегендиктен Орусиядан да тизмеге кирбеген китептер колдонулуп жүрөт дейт Билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомамбетов.

Жыл сайын китептердин тизмесин беребиз. Биз сунуштаган китептер алар арсмий түрдө катталат. Ал эми кээ бир мектептер өздөрү тизмеде жок китептерди колдонуп жүрүшөт. Бул кырдаал китеп жетишсиздигинен пайда болуп жатат. Азырынча тизмеде жок китептерди колдонгондорго административдик жаза колдонуу кире элек. Эгерде ата-энелерден же башка бирөөлөрдөн министрликке арыз келсе гана аны колдонуудан алып коюшат. Ал жоопкерчилик ошол мектепте.

Эске салсак, өткөн жылы да мектеп окуучулары үчүн чыгарлыган китепте уят көрүнүштөр камытлганы ачыкка чыгып, коомчулукта талкууга алынган. Анда да Билим берүү академиясы кошумча окуу курал экенин айтуу менен чектелген.

 

Copyright © 2017 Maral FM