Биз менен байланышыңыз

22-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 389 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24….29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Бишкекте 22-майда күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM