Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Жеке менчик лабораторияларда ПЧР-тесттин, рентгендин баасы арзандайт

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1515 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин алкагында өлкө аймактарындагы эпидемиялык абал, ооруканаларды дары-дармек, медициналык кызматкерлер, жабдуулар менен камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Артём Новиков өз сөзүндө коронавируска чалдыккандардын саны, айрыкча, Бишкек шаары менен Чүй облусунда күчөп жатканын айтып, коопсуздук чараларын күчөтүүгө, дары-дармек, меджабдуулардын запасын жеткиликтүү камдоого саламаттыкты сактоо тармагын чакырды. Ошондой эле 8-апрелде «кызыл тилкелерди» кыдырып чыкканын билдирип, анда көргөн бир катар жагдайларды ортого салды.

Маалым болгондой, жеке менчик лабораториялардагы ПЧР-тестирлөөнүн баасын 30%га, же 2300 сомдон 1600 сомго чейин түшүрүү боюнча макулдашылган. Анын алкагында айрым медборборлордо калк үчүн компьютердик томографиянын, санариптик R-графия тейлөөсүнүн наркы 20%га чейин төмөндөтүлөт. Буга байланыштуу калкты тейлөө үчүн жеке борборлордогу күнү-түнү күзөт аныкталган. Ага катар жакынкы айларга карай COVID-19га чалдыккандарды дарылоого керектүү дары-дармек арзандатылып, бирдей баада сатылышына кам көрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM