Бүгүн саат 14.00гө карата Кыргызстанда 700 миң шайлоочу референдумга добуш берди. Бул жалпы катталгандардын 19,41 пайызын түздү.
Референдумга добуш берүүгө жалпы 3 млн 606 миң 201 адам катталган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов брифингде кабарлады.
Анын ичинде:
Бишкек шаарында — 65 740;
Ош шаарында — 39 786;
Жалал-Абад облусунда — 147 321;
Ысык-Көл облусунда — 57 977;
Нарын облусунда 46 459;
Ош облусунда — 151 356;
Талас облусунда — 35 037;
Чүй облусунда — 95 465;
Баткен облусунда — 59 504;
Чет өлкөлөрдө — 1355 шайлоочу добуш берди.