Спорт – ден соолуктун булагы. Ден соолукту чыңдоо жана мелдештерге катышып, жеңиш алып келүү максатында спорттун түрү менен машыккан замандаштар көп десек жаңылышпайбыз. 6-апрель спорттун эл аралык күнүнө карата «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына бодибилдинг, пауэрлифтинг боюнча чемпион, спорт чебери Эмил Надырбаев жана фитнес машыктыруучу Рафаэль Дөөлөтбек уулу спорт тууралуу кызыктуу маек куруп беришти.
— Спорт тармагына канча жылдан бери аралашып келесиз? Ушул жолду тандап алууңуздун себеби эмнеде?
Эмил: — Бул тармакта эмгектениме 15 жыл болду. Актёрлор Арнольд Щварценеггер, Жан-Клод Ван Дамм ушул жолду тандоомо түрткү болгон. Үйдөн машыгып жүрчүбүз. Кийин борборго келгенде орус балдардын машыкканын көрүп, мен да аралашып, өзүм үчүн машыгып жүрдүм. Аракет күчтүү болгондуктан, мелдештерге катышып, буюрса, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп жатабыз.
Рафаэль: — Спорт тармагында жүргөнүмө көп эле жыл болду. 6 жылдан бери машыктыруучулук кесипти аркалап, киреше таап баштаган соң өзүмдү спортчу, машыктыруучу деп эсептеп баштагам.
— Бодибилдингдин өзгөчөлүгү?
Эмил: — Бул спорттун түрүнө кызыгуум абдан чоң. Салмагым 120 кг болуп, мелдешке катышуу үчүн 3 ай аралыгында 30 кг салмак ташташым керек болуп калды. Күнүнө 2 кг балык жечүмүн. Бизде туура, витаминдүү тамактануу, анан машыгып туруу керек. Кыйынчылыктар көп болот. Бирок мелдешке чыккан соң, бат эле баарын унутасың. Азыр жаштык кез эсиме түштү. 21 жашымда алгачкы жолу өзүмдөн улуу машыктыруучулар менен мелдешке чыккам. 4 жыл катары менен жеңишке жетпей жүрдүм, ызаландым. Бир күнү апам жаныма келип, «Балам, булар сенден улуу экен. Буюрса, чоңоюп, жетилгенде жеңишти багындыра баштайсың», — деди. Ошол сөз мага бир топ күч-кубат берип, андан кийинки жылдары ийгиликтерди багындыра баштадым.
Рафаэль: — Бул — абдан чоң эмгек. Эмилди мен 3-4 мелдештин алдында көрүп калдым. Булар мелдештин алдында денедеги майдын баарын чыгаруу үчүн 2-3 күн катары менен суу ичпейт. Ошол үчүн мелдештерде кулап, эс-учун жоготкондор көп болот.
— Канча айдан кийин денедеги булчуңдар пайда болот?
Рафаэль: — Баары дене түзүлүшкө көп кызыгышат. Бирок ага барган жол кандай татаал экенин билишпейт. Ошого кеткен нерв, тамак-аш, акча, бул бери жагы эле. Анан бул кымбат спорттун түрүнө кирет. Мисалы, мен күнүнө 20 жумуртка, 1 кг эт жеп турам. Булардын баары булчуңга тарайт.
— Өспүрүм куракта спорттун кайсыл түрүн жактырып, катышып калдыңыз?
Рафаэль: — Бокска катышып, машыгып жүрдүм. Бул мага жашоодо көп эле жерден жардамын берди. Ал эми спорт тармагын тандап, бирок жыйынтыгын күтпөй таштап салган чала спортчулар аябай көп. Алар өздөрүн алып жүрүүнү билишпейт. Көчөдө тентек болушат.
— Шоу-бизнес өкүлдөрү, блогерлер арасында бири-бирин рингге чакырып, уруш уюштургандар салтка айланып бараткандай. Сиздердин көз караш?
Рафаэль: — Бирөөнүн келбетине, ата- энесине, макамына тийишкенге акысы жок. Хайп деп атып эле адамгерчилик сапаттарын кетирип жатышат. Бир сөз менен айтканда, аларды карап туруу — өтө жийиркеничтүү. Ал балдарды таанып, көрүп-билип жүрөбүз. Азыр бардыгы саясатташтырылып кеткендей.
— Эмил мырза, пауэрлифтинг боюнча жакында эле 1-орунду багындырдыңыз. Мелдеш кандай өттү?
Эмил: — Абдан жакшы өттү. 1 ай мурун Кыргызстанда эле 5-6 өлкө катышкан чоң мелдеш уюштурулуп, биринчиликти багындырдым. Алдыда июнь айында боло турган Орто Азия боюнча мелдешке даярданып жатабыз.
— Спорттун бул түрүнүн ден соолукка терс таасири барбы?
Эмил: — Булчуң чыгаруу сырттан карагандар үчүн оңой сезилет экен. «Тамак же протеин ичип алса эле булчуң чыгат», — деген түшүнүктөн алыс болуу керек. Бул жерде бир күндүк режим бар. Эртең менен ботко жеп, 2 сааттан кийин сөзсүз түрдө эт жейбиз. Убагында уктоо керек. Күнүнө 6 сааттан кем уктоого болбойт. Кошумча биологиялык кошулмалары жок булчуңду чыгарууга албетте болот. Тамактана албай калганда гана протеин ичебиз. Анткени булчуңдарга витамин толук жетүүсү керек. «Бүгүн режимди аткарбай эле койсом болот», — дегендин өзү — чоң жаңылыштык.
— Рафаэль мырза, спорттун түрүнө сизди шыктандырып, жол көрсөткөн ким?
Рафаэль: — Биздин учурда кинодогу мыкты актерлор болгон. Алар үй-бүлөсүн коргоп, тарбия көрсөтө билген. А азырчы?! Өсүп келаткан балдарыма канчалык таасирдүү, мыкты ата болгонум менен алар социалдык тармактагы «келесоолордун» видеосун көбүрөөк боюна сиңирип, көрүп, угушат. Анткени анын достору, чөйрөсү ошолорду көбүрөөк көрөт, угат. Мен ошондон корком. Азыртадан баштап, өсүп келе жаткан келечекке ынсап, ыйман, адепти жапырт үйрөтүшүбүз керек.
— Фитнес машыктыруучулар көбөйдү. Кантип тандоо керек?
Рафаэль: — Фитнеске көпчүлүк учурда кардарлар ишеним артып келишет. Ал эми машыктыруучу анын ден соолугун оңдошу керек. Болгон окуяны айтып өтөйүн, бир тааныш машыктыруучу бала улгайган эле аялга 50 килограммды көтөртүп коет. Ал өзү 300 килограмм салмакты көтөргөндүктөн, 50 килограммды кардары жөн гана көтөрө алат деп ойлойт. Мына ушундай окуялар көп болуп, туура эмес машыктырып, ден соолугу начарлап, ооруканага жаткан инсандар көп эле болгон. Өзүн өйдө койгон машыктыруучулардан Кудай сактасын! Сөзсүз түрдө билими бар, тажрыйбасы мол фитнес машыктыруучуларга кайрылыңыздар. Тандоодон жаңылышпоо керек.
— Спорт тармагынан сырткары кандай жумуштарды аркалайсыздар?
Эмил: — Азыр «Карышкырдын мыйзамы» киносунда башкы каармандын ролун жаратып жатам. Буюрса, кинонун тизери тартылууда. Актерлукту өздөштүрүү үчүн атайын курстарга барып жатам. Усталык өнөрүм да бар. Машыгуучу спорт залдарга керектелүүчү буюмдардын баарын жасайм.
— Спорт комитети мелдештерге чыгууда сизге колдоо көрсөтүшөбү?
Эмиль: — Олимпиадалык оюндун түрү болбогондуктан бизге колдоо жок. Өзүмдү-өзүм каржылап, мелдештерге катышып келем. Эң башкы максатым, кыргызымдын желегин желбиретип, мекенимди таанытуу.
— Фитнес туурасында кеңири түшүндүрүп берсеңиз?
Рафаэль: — Фитнес — медицина менен спорттун ортосунан келип чыккан илим. Эмил дене түзүлүшкө көп басым жасайт. Ал эми менин жолум — ден соолукту чыңдоо. Мага операция болгондор, кырсыктап калгандан кийинки абалдагылар, төрөттөн кийинки ооруларды алып жүргөн аялдар кайрылат. Биздин сөөктөрдү кармап турган булчуң, аларды чымыр кылуу керек. Ошондой эле майып балдар менен иштешем. Алардын ата-энеси баласын карап, аяп, үйдөн эч жакка чыгарышпайт. Андай кылбоо керек. Мен аларды кадимкидей эле балдар менен аралаштырып, залда машыктырам. Анткени алар башка балдар менен психологиялык жактан да аралашуусу керек. Бир окуяны айтып өтөйүн, мага 12 жашар бир бала келди. Өмүрүндө үйүнөн эч жакка чыккан эмес. Анткени бала майып төрөлүп, атасы таштап кеткен. Байкуш эне баласын карап, багып, дарылоо үчүн баарына кайыл болот. Майыптардан акча албайм. Бирок ата-энелерине мен айткан көнүгүүлөрдү балдарына жасатууну суранам. Өзүмдүн көзөмөлүмө алып, баланы залга балдар менен кошо коё берип койдум. 3 күндөн соң жаныма чуркап келип, «Рафаэль байке, мен өзүмдүн ооруп жатканымды унутуп койдум», — деди. Ошол сөздү уккандан кийин ыйлап жибердим (көзүнө жаш алып). Аны бетинен өөп, «Бар чурка, машыга бер», — деп койдум. Бир колу кыймылдабайт. Бирок дүйнөгө болгон кандайдыр жакшы сезими ачылды. Энелерге кайрылып кетер элем, жаш балдарга ич кийимдерди кенен кийгизиңиздер.Тар, денеге чапташкан болсо, тукумсуздукка алып келет. Дене мүчөлөрдү кыспоо керек. Келечегине балта чаппаңыздар.