Биз менен байланышыңыз

Маданият министри Венгриянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 567 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар маданият, маалымат жана спорт жаатында ар тараптуу кызматташуу, Кыргызстан менен Венгриянын өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү тарыхый инсандарды эскерүү иш-чараларын өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Шандор Дороги элчиликтин 2021-жылга карата иш пландарында Кыргызстандагы бир катар маанилүү маданий иш-чаралар, анын ичинде 1900-жылы экспедициянын курамы менен келип, Ысык-Көл өрөөнүнө, Тянь-Шань тоолоруна зоологиялык изилдөө жүргүзгөн венгриялык саякатчы Жорж Алмашини эскерүү да камтылганын маалымады.

Кайрат Иманалиев венгриялык тараптын демилгелерин ишке ашырууда министрлик ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM