Биз менен байланышыңыз

Ошто «Мен мугалим болгум келет» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 886 | 0

Бүгүн, 15-январда Ош шаарында «Мен мугалим болгум келет» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу, Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, республикалык масштабда эссе сынагынын жыйынтыктары чыкты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер (ноутбук, планшет, уюлдук телефон жана китептер) тапшырылат.

Сыйлык тапшыруу аземи саат 13:00дө Ош шаарындагы китеп дүкөндөрдүн биринде болот. Анда мазмуундуу дилбаян жазган 13 окуучуга кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.

Сынак II тур менен өтүп, II турда 50 окуучу ат салышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  • 1-орун — Абдалбек кызы Чолпонай, Нарын облусу, Ак-Талаа району, М. Базаркулов орто мектеби;
  • 2-орун — Фрунзебек кызы Айганыш — Жалал-Абад облусу, Токтогул району, № 88 орто мектеп;
  • 3-орун — Адисова Нургүл — Нарын облусу, Ак- Талаа району, С. Атамбеков орто мектеби.

Ушундай эле сыйлык тапшыруу аземи 18-январда Бишкек шаарында да уюштурулат.

Copyright © 2017 Maral FM