Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирустан 500дөн ашык медкызматкер каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 333 | 0

Өзбекстанда коронавирус пандемиясы 500дөн ашык медицина кызматкеринин өмүрүн алды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Ташкент шаарында, ошондой эле Наманган, Самарканд, Навои, Анжиян жана Ташкент облустарында иштеген дарыгерлер март айынан бери каза болгон адамдардын арасында коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери да болгонун ырасташты.

Алардын каза болушуна көпчүлүгүнүн убагында тест тапшырбаганы себеп болгону айтылат.

Пандемия башталгандан бери Өзбекстанда 69 397 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 2134ү учурда дарыланып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM