Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Аталган буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын аппаратынан кабарлашты.
Ал кызматты буга чейин Өмүрбек Суваналиев ээлеп келген. 10-октябрь күнү президент аны кызмат ордунан бошоткон болчу.