Биз менен байланышыңыз

Нуржигит Кадырбеков: Биз кресло талашуу иштерине катышкан жокпуз

Кыска кабар , Саясат | 6 Окт 2020 | 1328 | 0

«Ыйман нуру» саясий партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков 5-октябрда өткөн нааразылык акциясында шайлоону кайра өткөрүү талабын колдоп, митингге жигердүү катышканын, бирок бүгүнкү бийлик бөлүштүрүүгө катышпай турганын айтып, кайрылуу жасады.

— Менин ден соолугумду сурап жатасыздар, Кудайга шүгүр, жакшы. Бирок, көңүл чөгүп турган учур. Биздин партияны «Эмнеге сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн партиялардын арасында көрүнгөн жок?» — деген суроолор болуп жатат: биз маселени кеңешип кабыл алабыз. Биздин саясий кеңеш ушундай чечимге келди: өзүбүздүн жолубуз бар, өзүбүздүн принциптерибиз бар. Азыр бийлик, кресло талаша турган учур эмес, азыр элдин саламаттыгын, өлкөнүн бейпилдигин ойлой турган заман. Ошондуктан биз бийлик бөлүшүү, кресло талашуу иштерине катышкан жокпуз. Бул «Ыйман нуру» деген атка да туура келбейт, — деди Кадырбеков.

Маданият министринин орун басары учуру келсе, эл өзү ылайыктуусун тандап аларына ишенерин, ошондо партия өзүнүн күчүн көрсөтөрүн кошумчалады.

5-октябрда башталган нааразылык акциясы Борбордук аянтта башталып, ага 12 партиянын лидерлери жана өкүлдөрү катышып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшкан. Алардын катарында Нуржигит Кадырбеков да шайлоо ашкере мыйзамсыздык менен коштолгонун айтып, лидерлик кылган партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Азыркы учурда айрым саясий күчтөр өз ара биригип, өлкөдөгү абалды турукташтырууга аракет жасап жатышканын билдиришүүдө. «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Мекенчил» партиялары өз алдынча топ болуп, стабилдүүлүктү сактоону көздөп жатканын айтышса, «Ата Мекен», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Бир Бол» жана «Социал-демократтар» биригип, Координациялык кеңеш түзүшкөнүн кабарлады.

Ага утурлай эле жаштардан турган «Люстрация» кыймылы түзүлүп, эски саясатчылардан бийликти талашпоосун талап кылып, жаштарга жол бошотуп берүүгө чакырып жатышат. Бул кыймылдын башында маданият өкүлдөрүнөн Мирбек Атабеков, Эркин Рыскулбеков, Аскат Табалдиев,Кайрат Примбердиев жана башкалар турушат. Алар эч кандай кызматка кызыкпагандыгын, жаштардын гана саясатка келүүсүн кааларын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM