Биз менен байланышыңыз

Ишкердикти өнүктүрүү үчүн 7 китеп

Блог | 21 Сен 2020 | 1122 | 0
Кечээ, 20-сентябрда Кыргызстанда Ишкерлер күнү белгиленди. Бул датага байланыштуу Кыргызстанда ишкерлердин башын бириктирген «ЖИА» Бизнес ассоциациясы «Маралдын» окурмандары үчүн ишкердик тууралуу 7 китепти сунуштады:

Фил Найт “ Продавец обуви” . Дүйнөгө белгилүү Nike компаниясынын негиздөөчүсү Фил Найт убагында өзү үчүн Adidas фирмасынан да бут кийим сатып алууга каражаты жеткен эмес. Компаниянын бүгүнкү күндөгү бир жылдык кирешеси 50 миллиард долларды түзөт. Өмүрүндө интервью аз берген Фил Найт китеби аркылуу миллиондогон адамдарга өзүнүн ийгилиги тууралуу айтып, аларга да ишеним тартуулай алган.

“Илон Маск. Tesla SpaceX и дорога в будущее“.  Белгилүү журналист Эшли Венс чыгармасында эр жүрөк ишкердин жашоосу жана ийгиликтери жөнундө баяндайт. Аталган чыгарма лидерликте жана ишкердикте ийгиликке жетүүнү самаган бардык адамдарга арналат.

«Как чашка за чашкой строилась Starbucks” Говард Шульц. Бул китепте 50 дөн ашуун өлкөдө 6дан кофейнясы бар Starbucks компаниясынын тарыхы баяндалат.  «Старбакстын» тарыхы жөнөкөй ийгиликтин сыры эмес. Бир компаниянын ийгиликке жетүүдө эч ким колдонбогон ыкмаларды өздөштүргөнү менен баяндалат.

 

Игл Алан, Шмидт Эриктен “ Как работает Googlе” китеби. Китепте авторлор тарабынан кантип компания атактуу боло алгандыгы тууралуу айтылат. Анда компаниянын  ички маданиятынын калыптануусу, кантип инновацияларды жаратканы жана таланттуу кадрларды  жетиштирүүдөгү сырлары айтылат.

Китепти көчүрүү

Ийгиликтин жана бай болуунун сырларын ачкан Жек Манын “Никогда не сдавайся” чыгармасы. Жек Маны башында коомчулук акылынан алжыган катары кабыл алат. Бирок ал ага карабастан өжөрлүгү жана талыкпас эмгеги аркылуу ийгилике жетишет. Китебинде да ал бардык адамдар ийгиликке жете аларына ишендирет.

 

Ричард Бренсон “К черту все! Берись и делай!» китебинде өзүнүн башынан өткөн окуяларды кыскача баяндайт. Ричард Бренсон мектепти начар окуган. Бирок ага карабастан дүйнөдөгү эң бай ишкерлердин катарын толуктайт. Китебинде ал бардык адамдардын ийгиликке жетүүсү үчүн мотивация тартуулайт.

 

Элияху Голдраттын “Цель” Алекс заводдун жетекчиси болуп иштейт. Заводдо узакка созулган кризис болуп жабылууга аргасыз болот. Алекс жумушта эле эмес, үй -бүлөлүк да көйгөйлөрдү башынан өткөрөт. Бул китеп ишкердик тармагында бардык негативдүү стереотиптерди жарып өтүп, жаңыча көз караш менен ийгиликке жетүүнү самаган бардык ишкерлер үчүн баяндалат.

Copyright © 2017 Maral FM