Биз менен байланышыңыз

Лукашенко Беларусия үч өлкө менен чек арасын жабарын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 719 | 0

Беларусия Украина, Литва жана Польша менен чек араларын жабат. Бул тууралуу өлкө президенти Александр Лукашенко билдирди.

«Биз аскерлерди көчөлөрдөн чыгарып, армиянын жарымын куралдандырып, Литва жана Польша менен чек араларды жабышыбыз керек»,— деди ал.

РИА Новости маалымдагандай, Лукашенко Украина менен дагы чек араларын жапкандыгын жарыялаган.

Onliner басылмасынын айтымында, Лукашенко: «Биз батышта Литва, Польша жана бир тууган Украина менен чек араларды жабышыбыз керек» — деди.

Беларусиядагы шайлоодон кийин республиканын Балтика, Польша жана Украина менен мамилеси начарлап кетти.

Буга чейин Александр Лукашенко орусиялык кесиптеши Владимир Путинден куралдардын жаңы түрлөрүн жеткирип берүүнү өтүнгөнү кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM