Биз менен байланышыңыз

Лукашенко бийликти өткөрүп бербей турганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 552 | 0

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко бийликти өткөрүп бербей турганын мойнуна алды. Бул тууралуу Sputnik Беларусь кызматы билдирди.

«Бизде кандайдыр бир кемсинтүүлөр болбошу үчүн мен сизге эркекче айткым келет. Мени ал «бийликти колдон чыгарбайт» деп жемелешет. Туура эле жемелешет. Эл мени ал үчүн тандаган жок», — деди.

Лукашенко «бийлик алуу, ыргытып жиберүү» үчүн берилбей турганын кошумчалады.

«90-жылдардын ортосунда, ал баткакта жаткан. Көпчүлүгүбүз ал мезгилди эстейбиз. Мен Беларуссиянын ошол мезгилге кайтып келишин каалабайм. Мындан улам бийликти алар талап кылып жаткандай, баткакка таштоого эч ким батына албайт», — деди Беларуссия президенти.

Оппозициянын массалык нааразычылыктары 9-августта, Беларуссиянын учурдагы лидери Александр Лукашенко жеңип чыккан президенттик шайлоодон кийин башталды.

БШКнын маалыматы боюнча, Лукашенко 80,1% добуш алды. Алгачкы күндөрү коопсуздук күчтөрү тарабынан иш-аракеттер басылып, жыйынтыгына макул болбогон демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, суу чачуучу курал, резина ок колдонушкан. Андан кийин укук коргоо органдары митингдерди таркатуу үчүн күч колдонууну токтотту.

Расмий маалыматтар боюнча, алгачкы күндөрү 6,7 миңден ашуун адам кармалган. Республиканын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, башаламандык учурунда жүздөгөн адамдар жаракат алышты, алардын ичинен жүз отуздан ашууну укук коргоо кызматкерлери. Бийлик үч демонстранттын өлүмүн расмий тастыктады.

Copyright © 2017 Maral FM