«Мен жана мезгил» программасынын бул жолку коногу, ар кыл таланттын ээси, ырчы, актриса, дизайнер Сайра Момунбаева жашоо-турмушун жана маданият тармагын баяндап берди. Анда сиздердин назарыңыздарды маекке буралы.
— Маекти тээ чыгармачылык чыйыр жолуңуз башталган кезден баштайлы. Ошол кезде канча жашта элеңиз, балалыгыңыз кандай өттү эле?
— Чыгармачылыкта мен бала кезимден баштап эле жүрөм. Мектептерде кароо -сынактарда ырдап, спектаклдерде ойноп, өзүмдү чыйралткам. Атам айтып калчу «кызым доктур болот» деп. Ал кесипти дагы кыялданып көрдүм. Бирок чыгармачылык жеңип кетип эле артист болом деп туруп алдым. Биринчи жолу Нарын музыкалык драм театрында иштеп, профессионалдык сахнага жол баштадым.
— Алгач сахнага жол баштаган, сизди таанылткан кайсыл ыр болду?
— Мен М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайда окуп жатып, классикалык вокалдан билим алдым. Ушул тармакты көпчүлүгү көп түшүнө беришпейт. Ал жакка барып калгандан кийин элдик ырларды ырдаганга өтө баштадым. Бир жыл бою мен Бактыбай Бөдөков деген обончу жердеш байкебиздин «Жолукпаган махабат» деген ырын гана ырдай алчумун. Кийин үнүм калыптангандан кийин өмүрлүк жолдошум Азат Дөөткуловдун «Махабат» деген ырын телевидениеге ырдап чыкканмын. Андан соң өкүл атам Жалил Сыдыковдун «Беш көкүл», «Мурас» деген ырларын ырдап баштадым жана Калыйбек Тагаевдин «Долон» деген ырын ырдап, ал ыр көпкө чейин менин репертуарымда жүрдү.
— Кийинчерээк эле чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз?
— «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Мен мурда ойлочумун биринчи жашоом бул театр, 2-орунда үй-бүлө турат деп. Бирок андай эмес экен, жолдошум чыгармачыл адам болгондуктан, экөөнү тең бирдей алып жүрдүк. Бара-бара кол өнөрчүлүккө басым жасай баштадым. Бул дагы менин сүйүктүү кесибиме айланып калды. Театрдын айлыгы кичинекей эле. Ошондуктан үй-бүлөбүздүн кем- карчысына жарасын деп ошол тарапка да басым жасадым. Ошондуктан, убакыт жетишпей калды. Кардарым дагы көбөйдү. Ошентип, театрдан кетүүгө туура келди. Арызымды жазып кетип атканда көңдөй көкүрөк менен чыгып кеткендей эле болдум. Чыгып баратып аялдамдан устатым Алмаз Сарлыкбековко жолугуп калдым. «Эмне болду?» деп сурап калды, «агай, мен театрдан кеттим» десем, «дура» деп эле кыйкырды да, «эмнеге кетесин театрдан» деп, 15 мүнөттөй тилдеди(күлүп). Мен болсо 2 алган баладай болуп жер карап унчукпай турдум. Анан «байке, мен кийинчерээк театрга келем, бирок ТЮЗга келбейм» дедим. Анткени, кичине ал тарапка таарынычым бар болчу. Театрды сагынып жүрдүм, бук болдум, ыйладым.
— Ошол кырдаалдын баарын кантип жеңдиңиз?
— Тигүү цехине бараткан жолдо Киев көчөсүнөн түшүп алып жеткенче ыйлап барчумун. Жумуштан чыкканда дагы ошол эле көрүнүш кайталанып жүрдү. Кийин киного тартылып калдым. Андан кийин «Боз салкын» тасмасына сунуш түшүп, концерттерге чыгып, кол өнөрчүлүктү да жөндөп кеттим. Бирок көп жыл театрга барбай койдум. Көбүнесе цехке чыгармачыл адамдар келип тураар эле. Алар 10 күндөй келбей калса эле ушундай бир бук болуп кетчүмүн. Мени баары унутуп калышкандай эле сезилчү.
— Азыр театрга сунуш түшсө барат белеңиз?
— Театр — жаштыкты сүйөт деп коет. Азыр таланттуу жаштар чыгып келатышат. Биз театрга барганда деле өзүбүзгө гана ылайыктуу ролдорду ойной алабыз. Анан азыр театрда дагы бош орун жок.
— Кол өнөрчүлүк ким тараптан берилген талант, же хобби катары өзүңүз жөндөп алып кеткен кесип болуп калабы?
— Атам жана апам дагы колунан көөрү төгүлгөн уз чебер болушкан экен. Апам жеңил кийимден баштап, сырт кийимдердин түрүн тикчү. Улуу инсандардан өткөн кесип бул. Атамдын устачылыгын азыркы учурда байкем алып калды, оозанып жүрөт. Ал эми апамдыкы мага өттү.
— Эгерде киного тартылууга сунуш түшүп калса, кайсыл каарманды тандайт элеңиз?
— Тандабайм, кандай роль түшсө дагы анын майын чыгара аткарганга аракет жасаймын. Кино режиссер Темир Бирназаровдон «Табылга»деген тасмага сунуш түштү. Башкы ролду жаратышым керек экен. Кабыл алдым, бирок аябай түйшөлдүм, анткени канчадан бери киного тартыла элек элем, жан дүйнөм эмнегедир бир кутучага салып эле мени кыйнап аткансыды. Анан кичинекей үзүндү ойноп бердим. Ушул эле ролго келген дагы 2 актриса бар экен. Бирок чыгармачыл топ менин ойногонумду жактырып кабыл алышыптыр. Буга чейин өзүм көпчүлүктөн качып, чүнчүп калгандай сезилип жүрчүмүн. Анан ушул Темирдин өтүнүчүн четке какпай, ролду жакшы ойноп берсем экен деп аябай ойлондум. Жараткандан тиленип атып ролду ойнодум. Кээде сурап калып жаттым «мен жакшы эле ойноп атамбы?» деп. Ийгиликтүү болду аягы, сүйүндүм аябай.
— Мезгилден артта калбаш үчүн кандай аракеттерди жасап келесиз?
— Азыркы учурда өзүмдү сыртымдан карасам туңгуюкка эле кирип бараткансыйм. Мага дем-күч берген кызым, дайыма чыйралтып турат. Анан өзүм дагы ойлондум , «эмнеге мен элден калышым керек, эл адамы болгондон кийин өзүмдү таштабайм, ушул таптан баштап колго алайын» дедим. Жакшы эле баш көтөрүп келатканда дүйнөнү каптаган оору ушунчалык жүрөгүмдү токтотуп салды. Буюрса, баары жакшы болот деген чоң үмүт менен жашайм.