«Алга» футболдук клубунун жетекчиси болуп Меклис Кошалиев дайындалды. Мындай кабарды мэриянын маалымат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.
Бишкек шаардык Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу «Алга-Бишкек ФК» муниципалдык мекемесине кыргыз футболунун легендасы Меклис Кошалиев жетекчи болуп дайындалды. Мэриянын билдиришине караганда, Азамат Исабеков клубдун спорттук жетекчиси болду.
Меклис Кошалиев 1951-жылы Талас облусунда туулган. Ал 1975-жылы Дене тарбия институтун бүтүрүп, профессионалдык футболго киришкен. 1976-жылдан 1981-жылга чейин «Алга-Фрунзе» клубунда ойногон. Ошол эле жылы «Алай» футболдук клубуна өтүп, бир жылдан соң карьерасын токтоткон.
Кошалиев 1982-жылы футбол боюнча СССРдин спорт чеберлигине татып, өзү ойногон «Алай» жана «Алга» командаларында машыктыруучу болуп эмгектенген. Андан кийин 1992-1996-жылдары улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.