Биз менен байланышыңыз

Токио: Өз ыктыяры менен ишин токтоткон мекемелерге акча төлөнөт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 431 | 0

Токиодо өкмөт өз ыктыяры менен ишин токтоткон түнкү клубдар жана барлар үчүн акча төлөп берет.

Ишмердигин токтоткон мекемелерге 4 миң 670 доллар берилет.

Дем алыш күндөрү Токиодо коронавирус инфекциясынын жаңы 224 учуру катталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Расмий маалыматтар боюнча, мындай учурлардын 80 пайызы 20-30 жаш аралыгындагылар.

The Guardian билдиргендей, шаар бийлиги мекемелерди күч менен жабуу укугуна ээ эмес. Ошондуктан, калаа бийлиги ыктыярдуу түрдө ишин токтоткон мекемелерге субсидия төлөп берүүгө убада берди.

Пандемиядан улам Токиодо 7-апрелден 25-майга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган. Япон өкмөтү андан кийин чектөөлөрдү жеңилдетүүнү чечти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM