Биз менен байланышыңыз

Японияда дүйнөнүн эң чоң балык маркети ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 961 | 0

Япониянын борбору Токио шаарында аянты 407 миң чарчы метрди түзгөн балык маркети ачылды. Бул тууралуу CNN жазды.

11-октябрда ишке кирген Toyosu маркети миңдеген балык түрүнөн сырткары көп түрдүү деңиз азыктарын да сатат. Борбор 2016-жылы эле ачылары пландалган, бирок ар түрдүү себептерден улам эки жылга кечикти.

Маркеттин жетекчилигинин айтымында, Toyosu маркети мурунку 83 жыл бою иштеп келген Tsukiji деңиз азыктары маркетинин ордуна ачылды. Tsukiji 6-октябрда жабылып, аны Toyosuга которуу төрт күндү алды. Мурда эски маркет 600дөн ашуун деңиз азыктарынын түрүн сатса, жаңысы ассортиментин өстүрдү. Маркеттин жылдык кирешеси 3,8 миллиард долларды түзөт.

Дүйнөнүн эң чоң балык маркети Япониянын туризм секторуна абдан чоң салым кошорун жетекчилиги белгиледи. Анткени жаңы жана сапаттуу азыктарды алууга же жөн гана мындай эбегейсиз чоң көлөмдөгү ассортиментти бир жерде көрүүгө келген туристтердин саны арбын.

Copyright © 2017 Maral FM