Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрүп жатат

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 757 | 0

Ысык-Көл облусунда браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу облустун маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында балыктар бар жерлерге мыйзамсыз орнотулган 20 чакырымдан ашык балык уулоочу торлор алынды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев браконьерлик облустун экологиясына зыян тийиши мүмкүн деп белгиледи. Мыйзамсыз балык уулоого каршы жергиликтүу бийлик түшүндүрүү иштерин жургузүп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган рейд Жети-Өгүз жана Түп райондорунда үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM