Connect with us

Баткен: Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тонна лимон кармалды

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 1200 | 0

Баткен шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тонна лимон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында «Баткен» бажысынын кызматкерлери Ю.Э.Э. аттуу кыргыз жараны айдап келе жаткан «Шмитц CARGBUL» чиркегичи чиркелген «Вольво FH 24T» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алган.

Унаада коңшу мамлекеттен алынып келе жаткан 14 тонна 764 килограмм лимон болгон. Бирок, товардын мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документти болгон эмес.

Кармалган товардын баасы 1 млн 107 миң 263 сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM