Биз менен байланышыңыз

Бир жумада патенти жок 200дөн ашык таксисттер аныкталды

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 685 | 0

Бишкек шаарынан бир жуманын ичинде патенти жок иштеген 200дөн ашык такси айдоочулары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш жүргүзгөн (такси кызматы) 520 субъектке рейддик салык контроль жүргүзүлгөн. Анын ичинен 221 айдоочуда экономикалык иш жүргүзүүгө патенти жок болуп чыкты.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 194 айдоочуга патент берилип, 27сине административдик айып салынды.

Мындай рейддик иш-чаралар өлкө боюнча туруктуу негизде жүргүзүлмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM