Биз менен байланышыңыз

Тагаев: Көп кабаттуу үйлөрдүн көптүгүнөн Бишкекти кара түтүн каптап жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2018 | 690 | 0

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тагаев “Марал” радиосуна берген маегинде калаадагы кара түтүндүн пайда болушунун себеби экологдор менен биргеликте иликтенип чыкканын билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин түштүк тарабына көп кабаттуу имараттар курулуп жаткандыктан шамал жүрбөй, калаа желденбей калууда. Мындан улам кара түтүн топтолуп жатат.

Ага кошумча, автоунаалардын саны өсүп алардан көп түтүн чыгууда. Анын үстүнө айрым айдоочулар сапатсыз күйүүчү май колдонот.

«Калаада жолдор 100 миң унаага эсептелип салынган. Бирок азыр 500 миңге жакын автоунаа бар. Ошондой эле конуштарда жер тамдар көп. Алардын дээрлик баары кышында көмүр жагышат. Ленин району боюнча гана айтсам, жашоочулар кыш мезгилинде 60 миң тонна көмүр керектейт. Райондо элди тейлөөчү 50гө жакын мончо бар. Айрым мончолор жакшы тап болсун деп дөңгөлөктөрдү, желимдерди жагышат. Рейд учурунда желим колдонгон мончо ээлерине айыппул салдык. Мындан ары көмүр пайдалангыла деп эскертүү бердик»,-дейт Тагаев.

Ал белгилегендей, Бишкек жылуулук борборунун түтүгү 100 метрден бийик болгондуктан, ЖЭБден чыккан түтүндү шамал айдап кетет. Бирок кара түтүндүп пайда болушуна кандайдыр бир деңгээлде ЖЭБдин да таасири бар.

Copyright © 2017 Maral FM