Биз менен байланышыңыз

Депутат: Өкмөт түтүнгө чара таппаса, отставкага кетсин!

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 632 | 0

Депутат Марлен Маматалиев Бишкектин үстүн каптаган түтүн маселесин кайрадан көтөрүп чыкты. Депутат башкалааны каптаган түтүн негизинен Бишкек жылуулук электр борборунан келип жатат деп белгиледи. Шаар үстүндө калкыган түтүндүн пайда болуусунун себебин Өкмөт элге оордарып келет. Марлен Маматалиев Өкмөт бул боюнча жоопкерчиликтүү иш алып барбай жатканын айтып, бул көрүнүш уланса, анда Өкмөттүн отставкасын талап кыларын эскертти.

Мен түтүн маселесин үчүнчү жолу айтып чыгып жатам. Зарыл болсо, дагы он жолу көтөрүп чыгам. Өкмөт муну унаалардан чыккан түтүн каптады деп айтып келет. Ош шаарын карагыла, Москва шаарын мисал кылайын. Ал жактарда да унаалар көп, бирок мынчалык түтүн жок. Бишкекти каптаган түтүндүн 80 пайызы Бишкек ЖЭБден келет. ЖЭБ модернизация болгонго чейин сапаттуу көмүрлөр келчү. ЖЭБ модернизация болгондон кийин ар кандай сапаттагы начар, радиациялуу көмүрлөр жагыла баштады, — деди Марлен Маматалиев.

Депутат бул маселеде Өкмөттү көзгө көрүнөрлүк иш жасоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM