Биз менен байланышыңыз

Жапонияда өтө турчу жайкы олимпиаданын билеттери сатыкка чыкты

Кыска кабар , Спорт | 11 мая 2019 | 522 | 0

2020-жылы Токиодо өтө турчу жайкы олимпиаданын билеттери сатыкка чыкты. Бул тууралуу жапон басылмаларына таянып, казак маалымат каражаттары билдирди.

Алынган маалыматтарга караганда, билеттер учурда жергиликтүү калк үчүн гана чыгарылган. Ал эми чет өлкөлүктөр үчүн ушул жылдын 15-июнунан баштап сатыкка коюлат. Уюштуруучулар билдиргендей, эң арзан билет 20 еврого, ал эми эң кымбат 2400 евролук билеттер олимпиаданын ачылыш жана жабылыш салтанатына сатылары болжолдонууда.

Эске салсак, XXXII жайкы олимпиада оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM