Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан өндүрүлгөн товарлар Уралга экспорттоло баштайт

Экономика | 24 Янв 2019 | 1098 | 0

Орусиянын Урал облусунун базарына айыл-чарба продукциясын чыгаруу боюнча келишимге кол кол коюлду. 

Мындан бир жыл мурда Кыргызстан менен кызматташуу тууралуу макулдашканбыз. Экономика министрлигин колдоосу астында жүзөгө ашкан. Анда болжолдуу товардын көлөмүн эсептегенбиз. Ал жерде ар багыттагы кыргызстандык 20 компаниянын тизмеси кирген. Алар тууралуу маалыматты толук карап анализдеп чыктык. Чындыгында, Кыргызстандын продукциясы органикалык болуп саналат. Орусия базарында дагы суроо талап көп. Буюрса, ушул жылдын март айынан тартып, айына 40 тоннадан продукцияны алып турабыз. Эгер базарда өтүмдүүлүгү жогору болсо көлөмүн дагы көбөйтөбүз.

Бул Урал жана Сибирдеги «X5 Retail Group» аттуу супермаркет түйүндөрдүн ээси Станислав Наумов. Акыркы 15 жылдан бери аталган маркетти негиздеп, рынокто ордун тапкан. Бул түйүндөргө Кыргызстандын айыл чарба продукциялары чыгат. Тиешелүү меморандумга компания жетекчиси менен Айыл чарба министрлигинин ортосунда кол коюлду. Эми өлкөдөгү лабораториядан сапаттуу делген азык-түлүктөр эч тоскоолдуксуз соода түйүндөрүнө жеткирилип турмакчы.

Айыл-чарба министринин орун басары Эркинбек Чодиев кол коюлган келишимге ылайык, компания мезгилге карата гана эмес, жыл бою ала турганын ырастады. Көлөмү 50 миң тоннага чейин жетет.

Бүгүн Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны рынокторго гана жеткирип жатабыз. А бирок маркет түйүндөрүнө жеткен эмеспиз. Буга мүмкүнчүлүк дагы болгон эмес. Бүгүн меморандумдун негизинде биздин ишкерлер, фермерлер өз продукциясын Орусиянын маркеттерине түздөн-түз коюуга жол ачат. Албетте, негизги иштер алдыда. Көптөгөн жумуштарды кылышыбыз керек. Бирок эң негизгиси, Орусиянын компаниясы бул ишке даяр. Эгер ишке ашып калса, жылына 50 миң тонна продукцияны жөнөтөбүз деп турабыз. 

Бирок ЕАЭБ базары Кыргызстан товарларынан тиешелүү маркировканы талап кылууда. Ошентсе да Кыргызстан бул багытта ишке ашыруу процессинде турганын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков форум учурунда айтты. Буга кошумча биримдик алкагында мамилени санарип негизинде жүргүзүү иши бар экенин эске салды.

Кыргызстанда товарларды маркировкалоо боюнча иш жүзөгө ашуу процессинде турат. Бул багытта биз ЕАЭБ  жана ишкерлер менен тыгыз диалог жүргүзүп жатабыз.  Анткени ЕАЭБ ичинде маркировкалаңган товарды чыгарган жана санарип негизде иш алып барган өлкөлөр алдыга чыгууда. Ошондуктан биз да тийиштүү иштерди алып барып жатабыз. Бул боюнча Евразиялык комиссияга да бир катар сунуштарыбызды бердик.

Анткен менен, бизнесте дагы деле чечиле элек тоскоолдуктар арбын экенин Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков белгилейт. Эң негизгиси мыйзамдагы тоскоолдуктар экенин айтып, буга токтолду.

Бизнес үчүн эң оорчунду маселенин ичинде мыйзамдын үстөмдүгү болуп жатат. Анын аткарылышы жана жеке менчиктин корголбошу. Буга кошумча соттук адилеттүүлүктүн сакталбашы. Анткени кандай гана маселе жаралбасын иш сотко өтүшү мүмкүн. Мында ишкерлер калыс чечимди көрбөй келишет.

Эскерте кетсек, Кыргызстан бизнести колдоо боюнча бир катар жакшы мыйзамдарды иштелип чыкканы менен аткарылбай келе жатканын бизнес коомчулугу белгилеп келет. Эң эле биринчи тоскоолдук мамлекеттик кызматтарда отурган чиновниктердин коррупцияга малынганы дешет.

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM