Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда айрым айыл чарба товарлары салыктан бошотулат

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 652 | 0

Өлкөнүн агрардык өндүрүш тарагын өнүктүрүүгө пайдалуу шарттарды түзүү максатында Парламент депутаттары Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Документ коомдук талкууга чыгарылды.

Демилгечи депутаттардын айтымында, асыл тукум чарбалар, үрөн, аарылар, көчөттөр, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттар салыктан бошотулат.

Мындан сырткары айыл чарба өндүрүшүнө тиешеси бар имараттар мүлк салыгынан 75 пайыз бошотулары айтылат.

Мыйзам кабыл алынса, аталган товарлардын баасы арзандайт деп болжолдошот демилгечилер.

Copyright © 2017 Maral FM