Бир сутка ичинде өлкө боюнча 32 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Аймактар боюнча алсак:
• Бишкек шаарында – 11;
• Чүй облусунда – 9;
• Ош шаарында – 2;
• Ош облусунда – 2;
• Нарын облусунда – 2;
• Баткен облусунда – 1;
• Ысык-Көл облусунда – 5.
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1097 учур катталды, алардын ичинен 500 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Республика боюнча жалпы 7377 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 2802 бейтап сакайган.