Connect with us

Улуу Британия Евробиримдиктен келген туристтерге карантинди жокко чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 728 | 0

Дүйнөдө SARS-CoV-2 коронавирусуна каршы күрөш улантылууда. Пандемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 11 миллионго жакын адам илдетке чалдыкты. COVID-19 оорусунан 6 миллиондон ашык пациент айыгып чыкты. Ошол эле учурда 520 миңден ашуун адам инфекциянын кесепетинен каза болгон.

Акыркы суткада АКШда 53 миң 069 адамда коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул өлкөдө пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 2 млн 735 миң 399 адамга жетип, алардын ичинен 128 миң 677 адам каза болгон.

Дүйнөлүк допингге каршы агентствонун (WADA) президенти Витольд Банк коронавируска байланыштуу жагдай допинг-тесттерди өткөрүүгө таасир этпей тургандыгын айтты:

Адамзаттын жашоосу жөнүндө сөз болгондо, спорт экинчи планга өтөт. Бирок ошол эле учурда бул бизди адаштыра турган учур болгон жок, — деди Банк.

Техас бийлиги коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу коомдук жайларда беткап кийүүнү милдеттендирди. Бул норма кеминде 20 тургунуна вирус жуккан аймактарга колдонулат. Ошондой эле мамлекет социалдык аралыкты кармоону талап кылып, 10дон ашык адам чогулган иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Өткөн күнү Техаста 8 миңге жакын адамда инфекция аныкталды.

3-июлда Москвадагы Кремль музейи жана Третьяков галереясы ачылат. Көрүучүлөр залдарга беткап кийип, аралыкты сакташы керек. Музейлер жана галереялар 18-марттан бери жабык болчу.

Улуу Британиянын өкмөтү Германиядан, Франциядан, Испаниядан жана Италиядан келген туристер үчүн 10-июлдан тарта 14 күндүк милдеттүү карантинди жокко чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу Sky News билдирди. Улуу Британия кийинчерээк дагы кайсы өлкөдөн келүүгө боло турган өлкөлөрдүн толук тизмесин жарыялайт. Учурдагы эрежелерге ылайык, Улуу Британияга келгендердин бардыгы эки жумага өзүн-өзү изоляциялоосу керек.

Copyright © 2017 Maral FM