Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 370 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор.
— Анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. 51 адамдын абалы орточо оор, 301 бейтаптын абалы канааттандырарлык, — деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус жуктурган 43 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313тү түзөт. Алардын ичинен 929 адам коронавирустан айыгып, 14 адам каза болду.