Марал Радиосу

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор

Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 370 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор.

Анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. 51 адамдын абалы орточо оор, 301 бейтаптын абалы канааттандырарлык, — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус жуктурган 43 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313тү түзөт. Алардын ичинен 929 адам коронавирустан айыгып, 14 адам каза болду.

Exit mobile version