Биз менен байланышыңыз

Орусияда ички аба каттамдар жанданат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2020 | 1642 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 13-майда авиация тармагын жана аба каттамдарын жандандыруу максатында видео конференция өткөрдү.

Анын айтымында, пандемиядан улам, ички каттамдар 88%га кыскарган. Эл аралык аба каттамдары дээрлик токтоп, 90%га кыскарган.

ВВС маалымат кызматынын маалыматы боюнча, 13-майда «Победа» авиакомпаниясы 1-июндан тартып Орусиянын 73 аймагына каттамдар боюнча билеттер сатыла баштай турганын жарыялаган.

Ошондой эле, «Azur Air» авиакомпаниясы да 1-июндан тарта Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Казань жана Сочи шаарына каттамдарды баштай тургандыгын жарыялаган.

Орусияда эл аралык туруктуу каттамдар 26-марттан тарта токтотулган. Ички каттамдар апрель айынын башынан тартып кыскарган. Бирок айрым компаниялар ички каттамдарды аткара беришкен.

Орусиянын Аба транспорту боюнча ассоциациясы, аба каттамдары 2021-жылдын жай айларына чейин жандана тургандыгын кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM