Connect with us

Зеленский Саакашвилини кызматка дайындады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Май 2020 | 6542 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини жаңы кызматка дайындады. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазды.

Зеленскийдин жаңы жарлыгына ылайык, Саакашвили Реформаларды аткаруу комитетинин башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин, Михаил Саакашвили украин президенти менен жолугуп чыкканын айткан. Андан украин бийлиги өлкөдөгү реформаларды ишке ашырууда көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Саакашвили Украинанын мурунку президенти Петр Порошенконун группалашы болгон. Ал өз өлкөсү Грузиядагы саясий куугунтуктан улам, Украинанын жарандыгын алып, Одесса облусунун губернатору болуп дайындалган. Бирок, кийин досу Порошенкону реформаларды кечеңдетүүдө деп айыптап, АКШга кетүүгө мажбур болгон. Ал эми былтыр президенттик шайлоо учурунда азыркы президент Зеленскийге жардам берүүгө даяр экенин билдирген болчу. Зеленский жаңы кызматка келген соң, Саакашвилиге украин жарандыгын кайра берген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM