Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Коронавирусту шылтоолоп тажик тарап Баткенде чек арага кирип келүүдө

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 2862 | 0

Баткен облусунун айрым айылдарында коронавирустун шылтоосу менен кошуна Тажикстан тарап чек араларды казып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Эл өкүлү өкмөттү коронавирус апаатына каршы күрөштүн алкагында чек ара маселесин да көзөмөлдөөгө чакырды.

Тажик тарап коронавируска байланыштуу деп чек араларды казып жатат. Муну менен алар биздин чек арага 100 метрдей кирип келип жатышат. Бул такталган факты. Азыртан абалды көзөмөлдөп, чара көрүш керек. Бул эпидемиялык абал бүткөндөй кийин алар жылып кирген 100 метр жерден кетпей, бизге кыйынчылык туудурат, — деди депутат.

Кошумчалай кетсек, жакында эле Баткен районунун Орто-Боз айылында талаштуу делген Төрт көчө (Жака өрүк) участогундагы Ош-Исфана жана Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине тажик тарап жол чырак (светофор) орноткон.  Жергиликтүү элдин айтымында, жол чырактан өтүүдө тажик тарапка 45 секунда, кыргыз тарапка 30, ал эми жөө жүргүнчүлөргө 15 секунда убакыт берилген.

Copyright © 2017 Maral FM