Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 14-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаайт, тоолорго кар түшөт.
Күндүз Республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында суук түшөөрү күтүлөт. Тоолуу автожолдор тайгак болот. Шамал батыштан согот, ылдамдыгы 4/9 метрге жетет, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с жетери күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11
күндүз +12…+17
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, айрым учурда 14 м/с жетери күтүлөт.
Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +14…+16 градус болот.