Биз менен байланышыңыз

Азыркы кырдаалга байланыштуу эң актуалдуу 5 суроого жооп

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 960 | 0

Азыркы кырдаалга байланыштуу эң көп берилген жана актуалдуу суроолорго жооптор.

1. Сөөк коюуга баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби? 

— Сөөк коюуга бара жаткан бир нече адамга өткөрмөлөр жарактуу мөөнөтү чектелген убакытка гана  тоскоолдуксуз берилет. Же болбосо маршруттук баракча түзүлүп, анда келген жеринин дареги жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү көрсөтүлөт.

2. Бир шаардан экинчи шаарга өтүү кантип ишке ашырылат?

— Санитардык-карантиндик посттордон айланып өткөн жол аркылуу бара алышат. Ошол эле учурда Бишкек шаарына башка шаардан кирүүгө чектөө коюлган.

3. Жарандар карантин эмес аймактардан карантин болгон аймактарга жумушка барууга жете албай жатышат?

— Эскертебиз, мекемелердин кызматкерлери уюм же ишкана бөлүп берген кызматтык транспорт менен гана жүрүүгө тийиш. Бишкек комендатурасынын 5- 6-буйругуна ылайык, жашоону камсыз кылуу тармагында иштеген кызматкерлерди ташуу боюнча жаңы алгоритм иштелип чыкты. Жакынкы убакта жарыяланат.

4. Эгер катталган жери Бишкектен сырткары болсо, шаар боюнча кантип жүрүү керек?

-Жашаган жери боюнча катталуу сунушталат. Себеби жок сыртка чыккандар санитардык-карантиндик посттордон өтө албайт.

5.Үйдөн 1,5 км радиустун чегинде сыртка чыгууга болобу?

— Эгер өтө зарыл болсо жана бул радиуста дарыканалар же дүкөн жок болсо, маршруттук баракча боюнча үйдөн 1,5 километрден ашыгыраак чыкса болот. Маршруттук баракчага бул пункттар сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM