Биз менен байланышыңыз

Тажикстан президентинин уулу өлкө сенаторлугуна дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 617 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомали өлкө парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын админстрациясына шилтеме жасап «Азия-Плюс» сайты жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн, 27-мартта өткөн шайлоодо анын талапкерлиги бир ооздон колдоого алынган.

Рустам Эмомали 2017-жылдын апрель айында жана ушул жылдын март айында борбор калаага мэр болуп дайындалган.

Тажикстандын көпчүлүк саясат талдоочуларынын алдын-ала болжолуна караганда, Рустам Эмомали сенатор гана болбостон, парламентке төрага болуп да дайындалышы күтүлөт.

Мындай жагдайда, президенттин уулу расмий түрдө Тажикстандын президентинен кийинки эле таасирдүү адам болуп калары айтылууда.

Ошондой эле бүгүн сенаторлукка дагы 4 адам дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM