Өкмөт бюджеттик мекеменин кызматкерлерине айлык акы, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында берилерин убада кылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өкмөттө өткөн брифингде өлкөнүн вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.
— Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилет, — деди Эркин Асырандиев.