Москванын Кызыл Аянтындагы Жеңиш парадына Кыргызстандан 3 ардагер катышат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Орусия тарап Кыргызстандан барган ардагерлердин жол акысын жана аларды жайгаштыруу, Москва шаарында ардагерлерди коштоп жүрүү жоопкерчилигин өз мойнуна алды.
— Ардагерлердин тизмеси азыркы учурда такталып жатат. Алардын абалына жана сөзсүз түрдө ардагерлердин ден-соолуктарына карап жөнөтүлөт. Себеби алардын иш-чарага катышуусу жана аба каттамында учууга болгон абалдары алардын ден-соолуктарынан көбүрөөк көз каранды, — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.