Биз менен байланышыңыз

Орусиядан Кыргызстанга коронавирусту аныктай турган реагенттер келди

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 492 | 0

Кыргызстандык медиктер орусиялык кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана өлкө аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумунда билдирди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган жок. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Ухандан келген жарандар атайын текшерүүдөн өтүп жатышат.

Орусия 1-2-февраль күндөрү Арменияга, Казакстанга, Беларусияга жана Өзбекстанга жаңы 2019-nCoV инфекциясын аныктоо үчүн Орусияда өндүрүлгөн тест-системалар берилген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM