Биз менен байланышыңыз

Казакстандын жардамы менен Индиядан 15 кыргызстандык келди

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 287 | 0

15 кыргыз жаранын Индиядан (Гоа жана Делиден) алып келүү Казакстандын Өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылды. Алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Кыргызстандыктарды Тараз шаарындагы эл аралык аэропорттон атайын транспорт менен Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда бүгүн, 4-апрелде Кыргызстанга алып келишти.

Учурда алар обсервацияда жатышат.

Чет мамлекеттерде калган кыргыз жарандарын мекенге кайтаруунун жолдорун издөө боюнча иш уланып жатат. Анын ичинде өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте жана колдоосунда аракеттерди уюштуруу көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM